Салык кызматы үйгө, жерге жана автого салыкты төлөөнү суранат

12:10, 07 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап калгандыгы тууралуу эскертет.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин – турак үйлөр, батирлер (ишкердик иш үчүн колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл.

Жарандар салык органына барбай эле өзү үчүн салык төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот.

Салыктын суммасын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот.

Толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.