USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Нурсултан Назарбаев: 30 жылда Кыргызстанда эч нерсе жасалган жок

17:53, 06 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы окуяларга пикирин айтты. Бул тууралуу ал «Бейне сүртүмдөрү» документалдуу долбоорунда билдирди.

Анда ал Казакстандагы демократия тууралуу суроолорго жооп берип жатып, Кыргызстандагы кырдаалды мисал келтирип өткөн.

«Биз жолдун башындабыз. Бир жагыбыздан Кытай, бир жагыбыздан Россия. Буларда эмне демократия паровоздун алдында бара жатабы? Бул өлкөлөрдүн бизге таасири күч. Мына демократиянын аралчасы болгон Кыргызстан. Көңүл кейитет. Бизге жакын, боордош эл. 30 жылда бул өлкөдө бир нерсе жасалдыбы? Ар бир президенттин чакырып, акча, насыя сунуштадык. Бирок, эч нерсе жасалган жок», — дейт Нурсултан Назарбаев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика