18:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаев: Инандынын уурдоо — Кыргызстандын суверендүүлүгүнө кол салууга тете

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды уурдоо Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди.
 
Анын айтымында, бийлик бул окуяга тез арала адекваттуу тиешелүү баа бериши керек, ошого жараша Кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек.
 
«Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, ал аныкталып, алардын аракеттерине юридикалык баа берилилиши абзел. Эртең, ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек», — дейт ал.
 

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар