02:41
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткенде каза болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 миллион сомдон кенемте алышты

Тажикстандын кол салуусу учурунда курман болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 млн сомдон кенемте алышты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрүнө компенсация үчүн 51 миллион 556 миң сом бөлүү чечими кабыл алынды.

«Бүгүнкү күндө курман болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 млн сомдон алышты. Кенемде алуунун өзүнчө атайын жол-жоболору бар. Кенемте алган 27 үй-бүлө бул компенсацияны толугу менен аяктаган. Калган үй-бүлөлөр да процедуранын жүрүшүндө кенемте алышат», — дейт ал.

Ошондой эле Жунушалиев чыр-чатактан жабыркаган 67 адам жараатынын деңгээлине жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин компенсация алышкандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар