«Тоют таңкыстыгынан улам малды сыртка экспорттоого уруксат бердик. Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлүп бараткандыгына байланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды», — деди ал.
Ибраевдин маалыматына караганда, Кыргызстандан тоют негизинен Казакстанга сатылат.
Бодо малга жана майда жандыкты экспорттоого салынган тыюу алынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да 24-июнда маалымдаган.
2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чек коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, ургаачы мал-жандыктын азайып жатканы менен байланыштырган. Мындай чектөөлөр айрым фермерлерди нааразы кылган.
Быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болуп, баасы өсүп жатат. Министрликтин маалымдашынча быйыл чөп мурунку жылдарга караганда 35% аз жыйналууда.
Ушул тапта бир түк чөптүн баасы талаада орулуп жаткан жеринде орточо 300 сомдон, 1 кило арпа 23-25 сомдон сатылууда.