02:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку Кеңеш мунапыс жарыялап, абактан 4 миң адамды бошотууну сунуштайт

Жогорку Кеңеште Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоор талкууланууда.

Ага ылайык оор жана оор эмес кылмыш жасагандарды абактан бошотуу сунушталат.

Мунапыс боюнча 60 жашта ашкан эркектер, 55 жаштан өйдө курактагы аялдар, 1-2-группадагы майыптар, эки же андан ашык жаш балдары барлар жана биринчи жолу оор эмес кылмыш жасап жаткандарды бошотуу күтүлөт.

Мыйзам долбоор кабыл алынса, 4 миңдей адам эркиндикке чыгышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар