01:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Ишеним» партиясы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Урматтуу өмүр сакчылары!

Ары жооптуу, ары татаал кесипти аркалап, адам жанын ажал торунан арачалап калууга себеп болгон сиздердин ак эмгегиңиздерди эч нерсе менен салыштырууга болбойт. Сиздердин кесип — талыкпаган кайратты, кесипкөйлүктү, айкөлдүктү, сезимталдыкты, боорукердикти, чыдамкайлыкты жана эрдикти талап кылат.

Айрыкча, COVID-19 илдети менен күрөшүүдө сиздердин баа жеткис эмгегиңиздердин баркын ар бирибиз терең түшүндүк. Өз өмүрүңүздөрдү тобокелдикке салуу менен башка жарандардын жанын ажал отунан арачалап, миңдеген Кыргызстандыктарга экинчи өмүр тартууладыңыздар.

Кыргызстандын башкы байлыгы эл болсо, ал эми улуттун саламаттыгын сактоо — сиздердин колуңуздарда. Андыктан, саламаттыкты сактоо тармагынын жалпы ардагерлерине, кызматкерлерине бул тармакты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, мыкты дарыгерлердин бир нече муунун тарбиялап чыгарган эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жооптуу эмгегиңер элибиздин дени сак, келечеги кең болуусуна арналып келген жана бул кылымдарга уланат деп терең ишенебиз. Ардактуу кесибиңерде жаратмандык жана ийгиликтерди каалайбыз!

«Ишеним» партиясы да саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаны ишке ашыруу максатында, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, медицина кызматкерлерин социалдык коргоого алуу боюнча өзүнүн жол картасын иштеп чыкты. Ошондой эле, биздин партия өзүнүн программасына шаар тургундары үчүн медициналык жардамдын сапатын арттырууга, дартты аныктоонун жана дарылоонун жогорку технологиялык ыкмаларын киргизүүнү, саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлеринин айлык-маянасын көбөйтүүнү, аларга болгон камкордукту жакшыртууну камтыган.

Ардактуу дарыгерлер!

Баарыңыздарды медицина кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, жарык маанай, албан ийгиликтерди жана бакубат турмуш каалайбыз!

Сиздерди терең урматтоо менен, «Ишеним» саясий партиясы.

«Ишеним» № 8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

***

Буйрутмачы: «Ишеним» саясий партиясы. «Ишеним» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. № 36, 10.06.2021) тарабынан төлөндү. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума