10:54
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чек арада 100дөн ашык оор жүк ташуучу унаалар Казакстанга өтө албай турат

«Ак-Тилек-автожол» өткөрмө бекетинде ор жүк ташуучу 119 автомашина Казакстанга өтө албай турат. бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатышат.

Кыргызстан тараптан эч кандай чектөө жок.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Казакстан бир нече жолу Кыргызстандан бара жаткан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктарды түзүп келген. Парламенттин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин жыйынында Экономика жана финансы министрлиги Казакстан ЕАЭБтин келишимдерин аткаруудан баш тартып жатканын белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар