COVID-19. 158 адам өтө оор абалда жатат

13:57, 02 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Вируска чалдыккан 3 миң 691 адам ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри билдирди.

Маалыматка караганда, ооруканадагыларды бейтаптардын 948и оор абалда.

«158 бейтап өтө оор абалда», — дейт министрлик.

Вируска чалдыккан 9 миң 815 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

2-июлга карата бир суткада 1 миң 485 кишиден вирус аныкталып, он адам каза болду.