20:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жанар Акаев «Кумтөр» иши боюнча УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Кумтөр» иши боюнча УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу анын кесиптеши Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, Жанар Акаев бүгүн 15.00до УКМКга суракка барат.

Кечээ Рыскелди Момбеков өзү дагы УКМКга сурак берип чыкты. Депутаттын маалыматында, андан 2017-жылы кабыл алынган Суу кодекси боюнча сурашкан.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» боюнча козголгон иштин алкагында депутат Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабанов мурдакы депутат Исхак Пирматов, Талант Узакбаев кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар