Бишкекте дайынсыз жоголгон балдар табылды

13:21, 02 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Ленин районунда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон эки баланы табышты. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар 29-июнь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон келишкен эмес.

Ата-энеси милицияга 1-июль күнү гана кайрылган.

Фото

10 жана 11 жаштагы балдар бүгүн табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.