Ош—Сарыташ—Эркештам автожолунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү

09:41, 02 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Ош—Сарыташ—Эркештам автожолунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

«Автожолдун 72-чакырымда жалпы көлөмү 1300 метр кубду түзсө, 76-чакырымда 2 миң 100 куб метрди түзгөн. Тазалоо иштерин жүргүзүп калыбына келтирүүдө иштери уланууда. Тейлөө мекемесинен автогрейдер жана жүктөгүч унаалары иштөөдө», — деп айтылат маалыматта.