COVID-19. Бишкектеги ооруканаларда 447 бош орун бар

12:28, 01 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги ооруканаларда 447 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

1-июлга карата бош орундар:

  • Республикалык инфекциялык ооруканасы - 9;
  • № 2 төрөт үйү — 32;
  • № 1 клиникалык ооруканасы— 5;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;
  • Аскерлик госпиталь — 2;
  • Курортология борбору— 101;
  • Улуттук госпиталь - 97;
  • Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейи — 199.