11:06, 01 июля 2021, Бишкек - 24.kg
Коронавируска чалдыккан 3 миң 553 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, бейтаптардын 65 пайызы, же 2 миң 337си орто оордукта.
«1 миң 3 бейтаптын абалы оор, дагы 188 бейтаптын абалы өтө катары бааланат», — дейт министрлик.
9 мин 55 адам вируска каршы үйдөн дарылануу өтүүдө.
1-июлга карата бир суткада 1 миң 392 кишиден вирус аныкталып, тогуз адам каза болду