14:45
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бишкекте «Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» долбоорго каршы митинг өттү

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы митингин өткөрдү. 

«Документтин атын алмаштырып койгону менен маңызы мурдагыдай эле. Былтыр да парламенттин сессияларынын акыркы күндөрүндө бул долбоорго каршы жаштар «мен фейк эмесмин» деген акцияга чыгышкан».

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 28-июнда «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар