08:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 1 миң 965 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

Бир суткада 1 миң 92 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 1 миң 490, Ош шаары — 45, Чүй облусу — 111, Ош облусу — 94, Талас облусу — 8, Нарын облусу - 16, Ысык-Көл облусу — 35, Жалал-Абад облусу — 93, Баткен облусу — 73 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда экиден, Ош шаарында бир, Баткен облусунда үч бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 125 миң 3 киши вируска чалдыгып, 2 миң бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар