COVID-19. Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов ооруканага жатты

09:13, 30 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов президенттин иш башкармалыгынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта Талант Мамытовдон COVID-19 аныкталган аныкталбаганы так айтылбайт.

Буга чейин төрага үйдөн дарыланып, абаланы начарлап кеткендиктен ооруканага которулганы кабарланат.

«Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкеринен вирус аныкталды. 36 кызматкер үйдөн иштөөгө которулду», — дейт парламент.