22:26
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сейсмология институту: Өзбекстанда мүнөт сайын 9 чарчы метр жер чөлгө айланууда

Өзбекстандын Илимдер академиясына караштуу Сейсмология институнун директору, география илимдеринин доктору Вахоб Рафиков өлкөдө чөлгө айланган жерлер көбөйүп жатканын билдирди.

«Бул процесс жыл өткөн сайын тездеп жатат. Карначул, Мирзачул, Шерабад, Дальварзин, Каракалпак чөлдөрүнүн чек аралары кеңейип жатат. Аларга акыркы жылдардагы эң жаш чөл — Арал деңизи кошулду», -деди Рафиков.

Анын айтымында, Арал деңизинин түбүнөн көтөрүлүп жаткан кум менен туз 300-400 чакырым радиуска жайылууда. Мындан улам мүнөт сайын Өзбекстанда 9 чарчы метр чөлгө айланууда.

«Экологиялык жана геоэкологиялык көйгөйлөр күн өткөн сайын күчөп жатат. Бирок азыр жерлердин чөлгө айлануусу күн тартибинде жок. Эгер бул багытта чаралар көрүлбөсө, 2030-2040-жылдары түшүмдү көп бере турган жерлер Ташкентте жана өрөөндөрдө гана калышы мүмкүн», — деп кошумчалады Рафиков.

Эң көп окулган жаңылыктар