«Бул процесс жыл өткөн сайын тездеп жатат. Карначул, Мирзачул, Шерабад, Дальварзин, Каракалпак чөлдөрүнүн чек аралары кеңейип жатат. Аларга акыркы жылдардагы эң жаш чөл — Арал деңизи кошулду», -деди Рафиков.
Анын айтымында, Арал деңизинин түбүнөн көтөрүлүп жаткан кум менен туз 300-400 чакырым радиуска жайылууда. Мындан улам мүнөт сайын Өзбекстанда 9 чарчы метр чөлгө айланууда.
«Экологиялык жана геоэкологиялык көйгөйлөр күн өткөн сайын күчөп жатат. Бирок азыр жерлердин чөлгө айлануусу күн тартибинде жок. Эгер бул багытта чаралар көрүлбөсө, 2030-2040-жылдары түшүмдү көп бере турган жерлер Ташкентте жана өрөөндөрдө гана калышы мүмкүн», — деп кошумчалады Рафиков.