00:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда мамкызматкерлер саны 30 пайызга кыскарат

Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндөгү» жарлыкка кол койду. Анда жалпы мамлекеттик кызматкерлердин санын 30% кыскартуу каралган.

Мындай чечим кайталанган жана ашыкча милдеттерди жоюу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында кабыл алынган.

Президенттин жарлыгында, иштен кыскарган кызматкерлерге мыйзам чегинде жөлөкпул төлөп берүүнү жана аларга ишкердиктин негиздерин окутууну камсыз кылууну Министрлер кабинетине тапшырган.

Үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар