Бишкектен Дубайга жумасына 14 каттам учат

13:23, 29 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына каттамдар көбөйүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту" ААКсынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Флай Дубай» авиакомпаниясы 2021-жылдын 25-июнунан баштап Дубай-Бишкек-Дубай маршруту боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 14 каттам (күн сайын 2 каттамдан) аткарылмакчы.