Душанбеде Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон «Улут сарайына» тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.
Садыр Жапаров кечээ кечинде Эмомали Рахмон менен тамактанган. Бирок, ал боюнча Кыргызстан тарап маалымат берген жок.
Белгилей кетсек, 28-апрель күнү Тажикстан Кыргызстанга кол салып, 5 айылды басып алып, Баткен облусунун 50 миң кишиси эвакуацияланып, 36 адам каза тапты.