13:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чет өлкөлүк элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү «Кумтөр» кенине барышты

2021-жылдын 25-июнунда дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) колдоосу менен «Кумтөр» кенине барышты. Делегациянын курамына Кыргызстанда аккредиттелген Индиянын жана Улуу Британиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Азербайжан Республикасынын элчилигинин өкүлү, жана ошондой эле БУУнун туруктуу координатору, БУУ ФАО, БУУ ӨП, КР ТИМ, КР ЭКМК сыяктуу эл аралык жана республикалык уюмдардын делегаттары кирген.

Чет элдик коноктор «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки ишкананын иши менен таанышты.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова конокторго канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы дайындаган кендин оператору тарабынан бир катар экологиялык нормалардын аткарылбаганы тууралуу айтып берди. Дипломаттар иштелген порода топтолгон Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн учурдагы абалын өз көздөрү менен көрүштү.

Учурда ишкана үзгүлтүксүз штаттык режимде иштеп жатканын жана иш коопсуздук техникасын сактоо менен жүргүзүлүп жатканын Динара Кутманова белгилеп өттү.

Чет мамлекеттик миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү «Кумтөрдө» иштеген жергиликтүү адистердин квалификациясына жана кесипкөйлүгүнө жогору баа беришти. Ишкана кызматкерлери май айында карьердин бортторунун абалына байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө системалары, ошондой эле мөңгүлөрдүн кыймылынын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү системасы блоктолгондон соң, алар өз күчү менен жаңы сенсорлорду, жабдууларды орнотуп жана жаңы маалымат программасын ишке киргизүү менен санариптик ресурстарды кайра ийгиликтүү иштете алышканын билдиришти.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө кен жайдын негизги өндүрүштүк аянтчалары, калдыктарды сактоочу жай, тазалоочу курулмалар, Петров көлү көрсөтүлдү. Коноктор «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүк ишмердүүлүктүн масштабы жана жүрүшү менен таасирленишти.

КГК өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын карманат. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет. КГК төлөм кудурети бар компания жана өзүнүн социалдык милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана бөдрөтчү уюмдарынын алдындагы милдеттенмелерин аткарып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар