Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,6 миллиард куб метрди түздү

09:47, 28 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 6 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 590 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 413 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.