07:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Саламаттыкты сактоо министри COVID-19 менен ооруп калды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 менен ооруп калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ал өзү билдирди.

Анын айтымында, ПЦР тест вирусту аныктады.

«Мен уу коргошунду үчүнчү күнү ичип жатам. Кечээ өзүмдү жаман сезип жатканмын, бүгүн сүйлөп калдым. Үйдөн иштеп жатам», -дейт министр.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев Спутник вакцинасын алган. Андан тышкары ал буга чейин дагы уу коргошун ичип жүргөнүн айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар