Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалды

16:37, 24 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка караганда, Садык Шер-Нияз элчиликтен сырткары Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп да дайындалды.

Эскерте кетсек, Садык Шер-Нияз 2020-жылы президенттик шайлоого аттанып, бирок, Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийин талапкерлигин алып салган.