17:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Кыргызстанда жаңы индиялык «Дельта» түрү таркашы мүмкүн

Кыргызстанда COVID-19тун индиялык жаңы «Дельта» штаммы болушу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, индиялык штамм өлкөдө жазында эле табылган. Азыркысы жаңы «Дельта» штаммы дагы болушу мүмкүн.

«Лабораториялык анализдер жакын арада келип калат, ал майда Новосибирсктеги (РФ) институтка жөнөтүлгөн. Анализдердин жыйынтыгы менен өлкөдө COVID-19дун кандай штаммдары бар экенин билүүгө болот. Азыр жаңы «Дельта» штаммынын канчалык деңгээлде жайылып жатканын аныктай албайбыз», - деди ал.

2020-жылдын март айынан бери 118 миң 106 киши вируска чалдыгып, 1 миң 958 бейтап көз жумду.

Акыркы бир суткада 822 кишиден вирус аныкталып, беш адам каза болду

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума