12:16, 24 июня 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда июнда азык-түлүктүн баасы май айына салыштырмалуу 16,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.
Жашылча жемиштерге баа 19,5 пайызга өстү. Анын ичинен Сабиз 58,4 пайызга, картошка 36,3 пайызга кымбаттады. Мөмө-жемиштердин баасы 6,4 пайызга өскөн.
Белгилей кетсек, Айыл-чарба министрлиги быйыл түшүм 20 пайызга аз топтолорун кабарлаган. Ага ылайык ун жана нан азыктарына дагы баанын кымбатташы күтүлөт.