Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен жаран табылды

10:51, 24 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына 45 жаштагы киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында аталган жаран суунун аркы жээгинен аман-эсен табылган.