10:49, 24 июня 2021, Бишкек - 24.kg
Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму балдарды дагы эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу уюмдун интернет баракчасында маалымдалат.
Балдар менен өспүрүмдөр COVID-19 вирусу менен жеңил ооруйт. Андыктан аларды улуу кишилерден кийин гана эмдөө сунушталат.
Вакциналардын балдарга таасирин анализдөө талап кылынат.
«Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюмунун адистери Pfizer/Biontech вакцинасы 12 жаштан өйдөнкү балдарга ылайыктуу экендигин далилдеди», — деп айтылат маалыматта.
Вакцинанын балдарга таасири иликтенүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалга карата маалыматтар жана кеңештери берилип турмакчы.