16:44
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эми «Манас» аэропортунан ПЧР тестти күнү-түнү тапшырса болот

«Манас» эл аралык аэропортунда ПЧР тест тапшырган лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19га анализди ПЧР тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кирген.

«Манас» эл аралык аэропорту эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЧР-тест тапшырам десе, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экенин эскертет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн үч күн ичинде ПЧР тест тапшырган гана адамдар киргизилерин билдирген.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттери ПЧР тест тапшырбаган жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума