Кыргызстанда бир күндө 87 түгөй баш кошту

11:46, 22 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир күндө 87 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, 21-июнга карата 87 түгөй баш кошту. Алардын 22си Бишкекте.

21-июнь жылдын эң узак күнү жана эң кыска түнү.

Ош шаарында 41 түгөй никесин расмий каттоого тургузду.