Ал буга байланыштуу Казакстан өзүнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланышы керек деп эсептейт.
«Ошондуктан биз өзүбүздүн суу ресурстарыбызды натыйжалуу пайдаланып, кошумча жайылмаларды курушубуз зарыл. Мындан тышкары скважиналарды оңдоп, күздөн баштап көлдөрдү толтуруп, булактардын сууларын пайдаланышыбыз керек. Азырынча биз Кыргызстандан 80% көз карандыбыз. Бүгүнкү күндө Чүй жана Талас дарыяларынын эсебинен суроо-талапты болгону 50% гана камсыз кылып жатабыз», — деди Бердибек Сапарбаев.
Анын айтымында, Жамбыл облусундагы 200 миң гектарга жакын айдоо жерге 1,1 миллиард куб суу керек.
Өткөн жумада суу тартыш болуп жатканына байланыштуу Кыргызстандын Чүй облусундагы үч райондун дыйкандары эки жолу митингге чыгышкан. Өкмөт бул абалды суу жылдагыдан аз келип жатканы менен түшүндүргөн.