COVID-19. Sinopharm вакцинасын дагы эле алып келе албай жатышат

11:03, 21 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кытайдын Sinopharm вакцинасын дагы эле Кыргызстанга келе элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Белгилей кетсек, министрлик Кытай берген вакцинаны 20-июнга чейин Кыргызстанга алып келүүнү убадалаган.

AstraZeneca вакцинасын алуу үчүн Түштүк Корея менен сүйлөшүү жүрүүдө.