04:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна иш сапарынын алкагында «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысына жүктөрдү өткөрүү тартиби, анын ичинде радиациялык-порталдык мониторлордун иши, жүктөрдүн инспекциялык тыкыр текшерүүдөн өтүүсүнө мүмкүндүк берген, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин жокко чыгарган автоматташтырылган инспектордук-текшерүү комплекси көрсөтүлдү. Өтүп жаткан жүк жана унаалар боюнча бардык маалыматтар бажы базасында 10 жыл боюу сакталып турат.

Бүгүнкү күндө товарларды ташуу бирдиктүү алгоритмге ылайык ишке ашырылып, коронавирус пандемиясы шартында зарыл болгон дезинфекциялык чараларды колдонуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Азыркы учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иштери улантылууда. Ага ылайык, бажы көзөмөлүнөн өткөрүүчү кошумча жабдуулар жана программалардын комплекси орнотулуп, объект толук камсыздалат. Бардык иштерди 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылган.

Президент көзөмөл-өткөрмө пунктунун жакшыртылган инфраструктурасы ЕАЭБ стандарттарына толугу менен ылайык келип, чек арадан өткөн унаалар үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматына «Торугарт» чек ара тозотунун азыркы инфраструктурасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар