14:28, 18 июня 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги «Кербен» базарынын ишкерлери Лейлектеги чек арачы жоокерлерге музыкалык аппаратура жана улуттук музыкалык аспаптар, кийим-кечелерди, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жана Сада айылынын жашоочуларына гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Кербен» базарынын директору Нурбек Жумалиев билдирди.
"Чек арачы жоокерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, духун көтөрүү милдетибиз«,- дейт ал.
Эске салсак, «Кербен» соода борбору тарабынан Сада айылынын тургундарына жана чек арадагы жоокерлерге жардам экинчи ирет жөнөтүлүүдө.
Буга чейин, чек ара чырында жабыркаган жергиликтүү т 214 үй- бүлөгө 15 миң сомдон берилген.