COVID-19. Бир суткада 653 кишиден вирус аныкталып, төрт адам каза болду

09:40, 18 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 653 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 269, Ош шаары — 73, Чүй облусу — 116, Ош облусу — 74, Талас облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 69, Баткен облусу — 32 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Ош шаарында бир бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 113 миң 430 киши вируска чалдыгып, 1 миң 920 бейтап көз жумду.