Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

18:52, 16 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча биринчи вице-мэр болуп дайындалды, буга чейин вице-мэр кызматын аркалап келген.

Максатбек Сазыкулов борбор калаанын экономика жана каржы иштери боюнча вице-мэри болуп дайындалды дайындалды.

Буга чейин ал Орус-Кыргыз фондусунун Өнүктүрүү департаментинин уюштурууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.