18:52, 16 июня 2021, Бишкек - 24.kg
Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча биринчи вице-мэр болуп дайындалды, буга чейин вице-мэр кызматын аркалап келген.
Максатбек Сазыкулов борбор калаанын экономика жана каржы иштери боюнча вице-мэри болуп дайындалды дайындалды.
Буга чейин ал Орус-Кыргыз фондусунун Өнүктүрүү департаментинин уюштурууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.