Жылуулукка жана жылуу сууга тариф 2021-жылы 25 пайызга кымбаттайт

12:40, 16 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Жылуулукка жана жылуу сууга тариф 2021-жылы 25 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган «2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, жылуулук берүүчү тармагындагы жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу тарифтерди көтөрүү талап кылынат.

Төлөм акы 2021-жылы 25 пайызга, 2022-жылы дагы 9,92 пайызга көтөрүлөт. Андан ары баа инфляцияга карата түзөтүлүп турат.