15:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Бийлик Эл аралык сотко кайрылууну сынга алды

Юристтердин жана жарандык коомдун активисттеринин Гаага сотуна кайрылуусу Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын саясый-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Өлкө башчысынынын маалымат кызматы, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатканын белгилейт.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат. Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн», — дейт ал.

Эскерте кетсек, юрист Сания Токтогазиева баштаган топ 28-30-апрелде Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик кол салуусу боюнча Эл аралык кылмыш сотуна арыз жолдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар