COVID-19. Бир суткада 514 кишиден вирус аныкталып, алты адам каза болду

11:05, 15 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 514 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 234, Ош шаары — 110, Чүй облусу — 80, Ош облусу — 34, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусу — 14, Жалал-Абад облусу — 13, Баткен облусу — 17 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй, Чүйд жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 111 миң 343 киши вируска чалдыгып, 1 миң 905 бейтап көз жумду.