10:24, 15 июня 2021, Бишкек - 24.kg
Акыркы төрт жылда дүйнөдө эмгектенген балдардын саны 8,4 миллионго көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек эл аралык уюмунун баяндамасында айтылат.
Алардын маалыматында, учурда дүйнө жүзүндө 160 миллион бала эмгектенет. Ага пандемия дагы түрткү болуп, жумушка тартылган балдардын саны мындан дагы көбөйүшү ыктымал.
160 миллион баланын жарымы 5-11 жашта. Алардын 79 миллиону саламаттыкка зыяндуу шахта, ферма жана эгин талааларында иштешет.
Маалыматка караганда, кооптуу жайларда иштеген балдардын саны 2016-жылы 6,5 миллионго артты.
«Мектептердин жабылышы жана пандемияга байланыштуу кырдаал иштеген балдардын санын көбөйтүшү ыктымал. Биздин балдардын эмгекке тартылышына каршы күрөшүбүздөн жыйынтык чыкпай келет», — деп айтылат баяндамада.