Курман айт 20 же 21-июлда белгиленет

14:50, 14 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Так күнү майрамга бир апта калганда белгилүү болот.

Муфтият Курман айт айдын жаңырышына карата аныкталарын айтат.

Курман айт күнү курмандык чалынып, жамааттык намаз окулат.