08:14
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кадамжайда 15 жаштагы кыз үч күндөн бери изделүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунун Калтак айылынын тургуну Бегимай Кенжебаева дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 15 жаштагы Бегимай Кенжебаева 11-июнь күнү 06.30 чамаларында өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен.

Белгилери: бою 160-155 кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.

Байланыш үчүн номерлер: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16

Эң көп окулган жаңылыктар