Чүйдө кудукка түшүп кеткен бала куткарылды

09:15, 14 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Чүйдө кудукка түшүп кеткен бала куткарылды, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынан Шамшы айылына баруучу унаа жолдо 14 жаштагы Р.Н. аттуу бала кудукка түшүп кеткен. Жерине Токмок шаардык № 21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, баланы кудуктан чыгарышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, баланын абалы жакшы.