Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

17:55, 11 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда Бишкектин Коммунаров көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1978-жылы туулган Ж.Н. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин улантуу максатында 21 куткаруучу тартылган.

10-июнь күнү саат 19:00дө Сокулук районунун Новопавловка айылынын Тынчтык калктуу конушунда Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундар тарабынан эркек адамдын сөөгү табылган.

Жерине сууга чөгүп кеткен жарандын туугандары барып өздүгүн тактап беришкен.