12:46, 14 июня 2021, Бишкек - 24.kg
Октябрь айында Жогорку Кеңешке кайра шайлоо күтүлөт. Бул жолу тандоо 11-апрелде кабыл алынган Конституцияга ылайык өтөт.
Азырынча парламенттин кезектеги чакырылышынын депутаттарын шайлоо жолу так эмес. Учурда анын жол-жобосун бекиткен үч долбоор иштелип чыкты: пропорционалдык тутум менен добуш берүү, бир мандатуу жана партиялардын ачык тизмеси менен шайлануу, можаритардык-пропорционалдык жол.
Белгилүү болгондой, президенттин администрациясы можаритардык -пропорционалдык ыкманы тандап алды. Ал жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
Талдоочулар октябрда шайлоодо партиялар, талапкерлер жана финансалык ресурстар арасында күчтүү күрөш жүрөрүн белгилейт. Жаңы парламентке келүү үчүн көпчүлүк саясый уюмдар болгон мүмкүнчүлүгүн жумшары анык.
Шайлоо босогосу 7 пайыздан 3кө чейин, күрөө 5 миллиондон 1 миллионго чейин азайды. Бир мандаттуу аймактардан аттангандар 100 миң сом күрөө беришет.
Айтмакчы бир мандаттуу округдарга партиянын талапкерлери дагы катыша алышат. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 1 миң кол топтошу зарыл.
Эгер бир мандатуу округдан шайланган депутат өз ыйгарым укуктарынан баш тарса, анын ордуна эки ай ичинде кайра шайлоо өтөт.
Үгүт иштерин бузууга шектелген талапкерлер кайра шайлооо жарыяланып калса катыша албайт.
Шайлоо боюнча мыйзамда көп кабаттуу үйлөрдүн жетекчилерине жана көчө башчыларына үгүттөөгө тыюу салынат. Ал эми шайлоого аттанган аткаминер ыйгарым укуктарын убактылуу гана токтотуп койбостон биротоло отставкага кетет.
Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, бул талап административдик ресурсту колдонууга каршы жакшы чара.
Талапкерлер өз кирешелери, мүлкү жана туугандарынын декларациясынын көчүрмөсүн тапшырышы шарт.
Аймактан топтогон добуштардын босого баллы өзгөрүүсүз (0,7 пайыз)калды.
Шайлоого катышкан партиялардын тизмесинде 55ден кем эмес талапкер болушу шарт. Аларга төмөнкү талапкер коюлган:
Бир округдук аймактарга бөлүнгөн мандаттардын 15и аялдарга таандык. Бирок, мында аялдар ат салышууга катталуу үчүн кол топтоо жагынан кыйынчылыкка дуушар болушу мүмкүн. Адатта айыл жергесинде аял талапкерге колдоо азырак. Жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордо эле аларга кысым көрсөткөн учурлар дагы катталган.
Можаритардык жол менен шайлоодо бөлүп-жарылуулар пайда болуп, уруу башчысынын пикири менен тандоо жүрүшү ыктымал.
Зайнидин Курманов.
Депутаттык мандатты эңсегендер эксперттердин сынына кошулбайт. Алардын айтымында, партия менен ат салышкандын ордуна өз алдынча катышкан үнөмдүү. Анткени партиянын тизмесинде алдынкы орундар бир топ акчага бааланары маалым. Анүстүнө мандаттар алган добушка карата бөлүнүп, мандатка жетпей калуу корукунучу дагы бар. Андыктан, можаритардык тутумду колдогон саясатчылар арбын.
«Өз алдынча шайлоо катышкан талапкерге үчүн ыңгайлуу жагдайлар бар. Мисалы ага партия тууралуу ыңгайсыз суроолор берилбейт. Көп маселелер боюнча ал өз алдынча чечим кабыл алып, убадаларды дагы каалган багытта бере алат», — дейт саясат тануучу Шерадил Бактыгулов.
Талдоочулар 6-чакырылыштын көпчүлүк депутаттары кайра эле парламентке шайланып келерин айтышууда. Себеби, алардын көпчүлүгү партиялык тизме менен шайланганы менен туулган районунда дагы колдоого ээ. Бирок ошол эле учурда мыйзам чыгаруу органын сапаты канчалык жакшырары суроо бойдон калат. Шайлоодо акча башкы ролду ойногон учурда билимдүү, адискөй талапкерлер атаандаштыкта четте калышат.