«Ак шумкар» улуттук футбол курама командасы Мьянминин спортчулары менен беттешти 8-1 эсебине утуп алды. Оюн бүгүн Японияда өттү.
Оюнда Турсунали Рустамов, Мирлан Мурзаев, Алиман Шүкүров жана Гүлжигит Алыкулов мыкты оюн көрсөтүп, гол киргизишти.
Белгилей кетсек, Японияда 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмүндөгү тандоосу өтүүдө.
«Ак шумкарлар» F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен экинчи орунда келе жатат.