«Казакстан аркылуу транзитке байланыштуу мага жүк ташуучулар кайрылышты. Алар коңшулар ар бир фура үчүн 4-5 миң доллар талап кылып жатканын айтышууда. Мен ЕАЭБ линиясынын алкагында сүйлөшүү өткөрүүнү сурайм. Силер азыр «Дордой», «Кара-Суу» базарларындагы абалды жакшы билесиңер», — деди Тиллаев 10-июндагы парламенттин жыйынында.
Май айынын аягында «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн 80-90 автоунаа кезекте турган күндөр болгон. Чек ара кызматы мындай узун тыгын экономика жанданып, оор жүк ташыгандар көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирген.
Казакстан аркылуу жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын чек арадан өтүү маселеси 3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуусунда да талкууланган.